Бишкекте жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулду. Шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан аларга карата мобилдик транспортторду колдонгондордун жол кыймылынын эрежелери, чет элдик жарандардын өзүн алып жүрүү тартибин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Башкармалыктын маалыматына караганда, мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштардын алдын алуу үчүн жасалып жатат. Кыргызстандын эмгек рыногунда да чет элдиктер көбөйгөнү тууралуу маселе парламентте да көтөрүлдү.
Бишкек милициясы тарабынан чет өлкөлүк студенттердин катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу алардын арасында түшүндүрүү иштери уланууда.
Бишкек шаардык ички башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жаныбек Ыбышов жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 400дөн ашык чет элдик студенттин иштеши токтотулганын маалымдады.
«Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк студенттердин катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу жана системалуу иштерди жүргүзүү максатында борбор калаанын ички иштер органдарынын кызматкерлери чет элдик жарандардын арасында чет элдик жарандардын арасында ыкчам-профилактикалык комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.
Ошого байланыштуу, Бишкек шаарында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында жеткирүү кызматтарында иштеп, мобилдик транспортторду колдонгондордун жол кыймылынын эрежелери, чет элдик жарандардын өзүн алып жүрүү тартибин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 400дөн ашык чет элдик студенттердин иштеши токтотулган».
Мындан тышкары 12-апрелден бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын аймагында ар кандай чөйрөдө иштеген чет өлкөлүк жарандар аныкталып, Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 225тен ашык протокол түзүлгөн жана 1 млн 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов бүгүнкү күндө чет элдик жарандардын көбү мамлекеттик долбоорлордун негизинде салынып жаткан курулуштарда иштеп жатканын кабарлады.
Айтуусунда аларды жумушка алууда коюлган негизги талтаптардын бири – бул жумушка уруксат кагазын алуу.
Алиясов чет элдиктерди жумушка алууда коюлган талаптар тууралуу мындай маалымат берди.
«Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квотаны алуу үчүн иш берүүчүлөр ework.e-gov.kg электрондук порталында өз уюмунун жеке кабинетин каттоодон өтүшү керек. Андан кийин жеке кабинет катталгандан кийин, иш берүүчүлөр квота тапшырышы керек.
Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квота алуу үчүн иш берүүчү тарабынан төмөнкүлөр берилет:
— ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга арыз;
— юридикалык же жеке жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— лицензиялануучу иш жүргүзгөн учурда, лицензиялануучу ишти жүргүзүүгө лицензиясынын көчүрмөсү;
— бекитилген штаттык ырааттама бардык жумушчулардын санын, жеке маалыматты (аты-жөнү, паспортунун номери) көрсөтүү менен, ошондой эле бош орундар бар экендиги жөнүндө маалымат. Квота бөлүштүрүлгөндөн кийин иш берүүчүлөр Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине «W» категориясындагы (эмгек, 60 күнгө чейинки мөөнөткө) виза алууга арыз беришет. Виза алгандан кийин чет өлкөлүк адистер Кыргыз Республикасынын аймагына кириши керек. Киргенден кийин иш берүүчүлөр жумушка уруксат алуу үчүн арыз беришет».
Чет өлкөлүк жумушчу тарабынан иштегенге уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
— ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча иштегенге уруксат берүү жөнүндө арыз;
— чет өлкөлүк жарандын жарактуу визасы (W1 категориясы) же каттоосу бар паспортунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн котормосу;
— билим берүү, медицина жана фармацевтика чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк жумушчулар үчүн билими тууралуу дипломунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн котормосу;
— Республикалык «СПИД» борбору тарабынан берилген АИВге антителону текшерүү жөнүндө медициналык корутунду ж.б.
Юрист Бексултан Осмонов чет элдик жарандарды жумушка алууда иш берүүчүн компания аларга жоопкерчилик алышы керектигин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Индия, Бангладеш, Пакистандын жарандары көп. Мурун бир гана студенттер көп болсо, бүгүнкү күндө алардын арасында окууну бүтүп калып калгандар бар. Окуусун таштагандар, андан тышкары иштегени да атайын келгендер бар. Бизге келгенин туура жагынан колдонсок бир гана пайда болот. Мисалы каттоодон өткөрүп, ишке киргизгенде документтерин талап кылып, документтердин жарамдуулугун тактап, милиция, миграция кызматкерлери убагында аларды текшерип, ким кирип жатат, ал иштейби, окуйбу ушул нерселерди көзөмөлдөп, өз ыгына келтиришсе бир гана жакшы болот. Мотоцикл айдап жүргөндөрдүн көйгөйү эмнеде болуп жатат. Көп учурда алардын номери жок, мыйзамга ылайык кээ бир түрдөгү мотоциклдерге кандайдыр бир номер, документтер керектелбейт. Ошондуктан алар башка адамдар аркылуу сатып алышып, гловодон же башка компаниялардан каттоодон өтүп иштеп жүрүшөт бирок ал туура эмес, ишке алып жаткан компаниялар алардын уруксат документтерин текшериш керек же болбосо чет өлкөлүк жаранды ишке алып жаткандыктан миграция кызматынан уруксат документтерин, визасын алуусу керек».
Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйында да көтөрүлүп, депутат Тазабек Икрамов ушул күндө канча чет элдик мигрант Кыргызстанда иштеп жатканын сурады.
Ал жеткирүү кызматында иштеген чет элдиктер жол эрежелерин көп бузуп жатканын, алардын айдоо күбөлүктөрүн текшерүү керектигин айтты.
«Бүгүнкү күнү Кыргызстандын ички эмгек рыногунда Пакистан менен Бангладештин жарандары көбөйүп кетти. Аларга иштөөгө уруксат кагаздары берилип жатабы? Салык төлөп жатышабы? Канча эмгек мигранттары бар? Ушул боюнча так маалымат керек. Ошол эле мото, рикша айдап, кызмат көрсөтүп башташты. Жол кырсыктары ошолордун айынан көбөйүп жатат. Аларга уруксатты ким берди? Биздин жол коопсуздугунан экзамен тапшырдыбы? Алар келген өлкөлөрдө светофор деген жок. Алар кантип айдоо күбөлүгүн алып жатышат? Көзөмөлдөш керек».
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлдү.
Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган.