Биз менен байланышыңыз

Путин Орусия өкмөтүнүн жаңы курамын бекитти

Кыска кабар | 15 мая 2024 | 164 | 0

Орусия президенти Владимир Путин кечээ, 14-майда өкмөттүн жаңы курамын бекитти.

Жарлыкка ылайык, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин өз ордун сактап калды. Ошондой эле, өкмөттүн 15 мүчөсүнүн он чактысы мурда ээлеген кызматтарында калды. Бешөө алмашты.

Билим берүү министри Антон Силуанов, экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников, саламаттыкты сактоо министри Валерий Фалков, маданият министри Олга Любимова жана бир катар министрлер өз ордунда калышты.

Ал эми жаңы дайындалгандар — энергетика министри Сергей Цивилев, транспорт министри Роман Старовойт, өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов, спорт министри Михаил Дегтярев, айыл чарба министри Оксана Лут.

Ошондой эле Орусиянын коргоо министри да алмашты. Мурдагы министр Сергей Шойгу Коопсуздук кеңешинин баш катчысы болуп, ал эми анын ордуна экономист Андрей Белоусовду дайындады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM