Биз менен байланышыңыз

Эстрада ырчысы Рустам Сагыналиев мезгилсиз дүйнө салды

Кыска кабар | 13 мая 2024 | 116 | 0

Маданияттын мыкты кызматкери, эстрада ырчысы Рустам Сагыналиев 40 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ырчынын жакындары билдирди.

Рустам Сагыналиев соңку жылдары боордун цирроз дартына чалдыгып, анын дарылануусуна маданият кызматкерлери каражат топтогон. Сагыналиев өзү маектеринин биринде боорун алмаштырууга донор табылганын, бирок кийинчерээк ал донор болуудан баш тартканын айткан жайы бар.

Рустам Сагыналиев коомчулукка «Өтүнүч» аттуу ыры менен таанылган. Кыргыз улуттук филармониясынын «Эл шайырлары» тобунда эмгектенген.

Маркум Сагыналиевдин жакындарына «Марал» радиосунун жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM