Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жол кырсыктарынын 92 пайызына айдоочулар күнөөлүү

Кыска кабар | 13 мая 2024 | 121 | 0

Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан маалыматта айтылат.

Кырсыктар көбүнчө катуу ылдамдыкта айдоо, карама-каршы тилкелерге чыгуу, алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, озуп өтүүдө же маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук сактабагандык, мас абалында унаа башкаруу, кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербөө, рулда уктап калуу сыяктуу фактылар менен коштолот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды өзүнүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM