Биз менен байланышыңыз

Он бир журналисттин иши райондук сотко өттү

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 102 | 0

Он бир журналисттин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өздөрү камакка алынган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Он бир журналисттин ичинен Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, Temirov Live долбоорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери Айке Бейшекеева учурда абакта. Калгандары үй камагына чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM