Биз менен байланышыңыз

Чукул билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 93 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

10-12-май күндөрү туруксуз аба-ырайы болуп, жер-жерлерде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Буга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Министрлик жарандарды сак болууга чакырып, арыктарды таштандылардан тазалап, жээктерин бекемдөөнү сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM