Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жалпы аянтынын 6%ын токойлор ээлейт

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 238 | 0

Кыргызстанда токойлордун аянты 1 миллион 253,8 миң га. Бул өлкөнүн жалпы аянтынын 6%ын ээлейт. Бул цифра токойлуулук аз деген категорияга кирет.

Токойлор экологиялык, экономикалык, социалдык жана ден соолукту чыңдоо боюнча маанилүү функцияларды аткарышат.

Токойлор эмне үчүн маанилүү?

Катуу шамалга тоскоолдук жаратат, абанын нымдуулугун кармап, климатты жеңилдетет, кычкылтек бөлүп чыгарат. Дарыялардын жана башка суу объектилеринин гидрологиялык режимине жакшы таасирин тийгизет.

Тоо боорлорунда өскөн плантациялар селдин, жер жана кар көчкүлөрдүн алдын алат. Дарыялардагы суунун агымын жөнгө салат.

Канаттуулар жана жапайы жаныбарлардын жашоосуна, көбөйүүсүнө жакшы шарт түзөт. Жер бетиндеги нымдуулукту сактайт жана биосферанын туруктуу болушун камсыздайт.

Кыргызстанда токойлор эң көп эмнеден жабыркайт?

-Токой зыянкечтеринен жана илдеттеринен

-Токойлорду жайыт катары пайдалануунун натыйжасында жаңы отургузулган көчөттөр жабыркап, өсө албай калууда

-Өрт кырсыгынан жана мыйзамсыз кыюуулардан

2023-жылы мамлекеттик токой фондусуна тиешелүү аймактарда жалпы 29 өрт кырсыгы катталган. Бул мамлекетке 13 млн 436 сомдук зыян келтирген.

Өрт кырсыктары 2022-2023 жылдар салыштырмалуу

 

 

 

 

Өрт кырсыгы облустар боюнча

2022-жыл 2023-жыл
Өрт түн саны Өрт капта ган аянт,

га

Мамлекеттик токой фондусуна келтирилген зыян,

миң сом

Өрт түн саны Өрт капта ган аянт,

га

Мамлекеттик токой фондусуна келтирилген зыян,

миң сом

1 Чүй 7 18,23 117807,8 5 28,06 548025,8
2 Талас 4 4,2 11290,0 4 7,2 710852,6
3 Ысык-Көл 2 0,12 8141,1 6 41,1 10653361,5
4 Баткен 2 533 271091800,00 1 2,2 34632
5 Жалал-Абад 2 4,2 12 68,6 1027968,5
6 Нарын 1 100 1 5
7 Ош 0
Жалпысы: 18 659,7 271229039,00 29 155, 2 13000436

Токойлордун аянты 30 жылда 492,4 гектарга көбөйгөн

Кыргызстанда токойлордун дээрлик 90% деңиз деңгээлинен 800 метрден 3600 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Өлкөдө токойлор 4 зонага бөлүнөт: карагай, арча, жаңгак-мөмөлүү жана өзөндөрдө өскөн токойлор.

Кыргызстанда 1993-жылдан 2021-жылга чейин токойлордун аянты 492,4 гектарга көбөйгөн. Анын ичинен экме токойлордун аянты 100 гектардан ашык.

Жерлердин категориялары Токойлордун жалпы аянты, га Анын ичинен экме токойлор
Баардык токойлор 1 259 396,8 55 767,0
Мамлекеттик токой фондунун жерлери 776 744,9 51 446,3
Өзгөчө коргоолуучу жаратылыш  аймактагы  токойлор 119 370,6 4 098,5
Өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактагы жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлор 363 281,3 0,0

Бакберди БАЯЗБЕКОВ, Асель РАМАНКУЛ кызы,

Марал радиосу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM