Connect with us

Таласта Чоң-Кошой өзөнүнө 800 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

Кыска кабар | 30 Апр 2024 | 244 | 0

Талас облусунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнүн 2 гектар жерине «Жашыл Мурас» Улуттук өнөктүгүнүн алкагында 800 ийне жалбырактуу көчөттөрү олтургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы менен Токой чарбасынын кызматкерлери көчөттөрдү өткөн жуманын аягында отургузган.

Көчөттөрдү отургузуунун максаты жаратылыш кырсыктарына туруштук берүү жана анын алдын алуу үчүн экени айтылды. Тактап айтканда, тамыры тереңге кете турган бак-дарактарды отургузуу топурактын эрозиясын алдын алып, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан сактайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM