30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат.
Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.