Ысык-Көлгө чөгүп кеткен Индия жарандары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери болушкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматында айтылды.
Кырсык 21-апрелде күндүз Чолпон-Атадагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин жээгинде болгон. 19 жана 20 жаштагы эки студент пирстен көлгө секирип, чөгүп кетишкени аныкталды.
Куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар көлгө чөгүп кеткендердин сөөгүн алып чыгып, милицияга өткөрүп беришти.
Материалдар Ысык-Көл районунун ИИБне катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.