Биз менен байланышыңыз

Ишкер Имамидин Ташов 22-майга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 135 | 0

KG-групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 22-майга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады. Чечим 23-апрелде кабыл алынды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген негизде ишкер Имамидин Ташов кармалганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан.

Буга чейин УКМК тарабынан Имамидин Ташовго издөө жарыялаган. Учурда тиешелүү тергөө иштери журүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM