Президент Садыр Жапаров «Турак жай кодексине», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Максаты, 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын аларга берилген кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет кепилдеген укугун ишке ашыруу болуп саналат.
Мыйзамдын 1-беренеси менен кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө өзгөчө учурларда, анын ичинде 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына тикелей сатуу жолу менен уруксат берилет.
Ошол эле учурда мыйзамдын 2-беренеси менен “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:
Запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы, үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан жана 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, кызмат учурунда курман болгон аскердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жашап жаткан тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.