Биз менен байланышыңыз

Чүйдө жана Ошто британдык Concrete Canvas компаниясы завод курат

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 152 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен курулуш материалдарын чыгарган Британиянын Concrete Canvas компаниясынын продукциясы көрсөтүлдү.

2023-жылдын ноябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Британиянын Кардифф шаарына барганда Concrete Canvas компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолугуп, Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун куруу тууралуу сүйлөшүшкөн.

23-апрелде Чүй облусунда британдык компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн продукциясын пилоттук долбоор катары көрсөтүп беришти.

Компания жумшак композиттик бетон баракчаларын чыгарат. Тагыраагы, чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулуу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору.

Компаниянын заводун жакын арада Ош облусунда куруп баштоо пландалууда.

«Кыргызстан боюнча 30 миң чакырымга жакын узундуктагы канал болсо, анын 11 миң чакырым каналдын алдына бетон төшөлгөн. Эгерде бул материалдар каналдардын алдына төшөлсө, сууну жоготуунун алдын алабыз. Кыргызстан агрардык мамлекет, айдоо жерлери көп, ошол себептүү биздин өлкөгө бул материалдар абдан керектүү. Компаниянын заводун жакын арада Ош облусунда куруп баштоо пландалууда. Инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго алат» , – деди Бакыт Төрөбаев.

Concrete Canvas компаниясынын Кыргызстанда ачыла турган заводунун продукциялары Орусия, Өзбекстан сыяктуу жакынкы мамлекеттерге экспорттолот.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, инвестициянын көлөмү 15 миллион долларды түзөт. Бетон мембрана полотносунун өзгөчөлүгү каналдарга төшөп колдонгонго ыңгайлуу. Цемент-бетон колдонулбайт. Суу тийгенде өзү катып бекемделет. 50 жылдык мөөнттө кызмат кылат.

Учурда суунун 40%-50% жерге сиңип жоголууда. Кыргызстанда жалпы 30 миң чакырым узундуктагы суу каналы болсо, анын 17 миң километрин бетондоо керек. Ал эми 11 миң чакырым бетон каналынын үстүн жаңылап оңдоо зарыл. Жалпы муктаждык 100 миллион квадрат метрден ашык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM