Биз менен байланышыңыз

Президенттин маалымат катчысы селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн айтты

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 195 | 0
Баткен облусу, 22-апрель

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт.

«Акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө. Селдин кесепетинен турак-жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес. Башкача айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жоюуга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт» , —  деп айтылат билдирүүдө.

Талас районунун аймагында, Ош облусунун аймагында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Баткен, Жалал-Абад, Талас облусунун аймактарында жаан жаап, сел жүрдү.

Copyright © 2017 Maral FM