Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Томми Мол» соода борборундагы коммерциялык жай мамлекетке алынды

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 142 | 0

Бишкектеги «Томми Мол» соода борборундагы аянты 1257,5 чарчы метр болгон коммерциялык жай мамлекетке алынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

УКМК муниципалдык аймактардын ижарачылары тарабынан жер пайдалануу шарттарын аткарбоо фактысы боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында «Томми Мол» соода борборунун 2-кабатындагы аянты 1257,5 чарчы метр, жалпы суммасы 335,7 млн сомду түзгөн коммерциялык жайларды мамлекеттин балансына кайтарды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Токомбаев көчөсүндөгү жер алдындагы гараждары бар көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн аянты 0,5 га болгон жер тилкеси «К» аталышындагы компанияга 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталды.

Кийинчерээк аталган тилкени пайдалануу укугу «Э.К.» аттуу ЖЧКга өткөн. Жер тилкесин берүү шартына ылайык, ижарага берүүчү курулган турак жайдын бир бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон.

Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүү боюнча комиссиянын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз манипуляцияларынын натыйжасында соода-оюн-зоок комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкесинин функционалдык багыты өзгөртүлүп, мамлекет аз камсыз болгон жарандарга турак жай берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган, бул шаардык бюджетке зыян гана келтирбестен, жалпы эле мамлекеттик бийлик институттарына коомдук ишенимдин начарлашына алып келген.

Мындан улам, козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында «Э.К.» ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын балансына «Томми Мол» соода борборунун 1257, 5 чарчы метр аянтындагы, 335,7 млн. сомду түзгөн коммерциялык жайларды акысыз өткөрүп берди.

Бул жер аянтында дүкөндөр жана спорт залы жайгашкан, алардын ижара акысы мындан ары шаардык бюджетке түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM