Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын маданиятын комикс аркылуу чагылдыруу боюнча сынак жарыяланды

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 120 | 0

Кыргызстанда комикс сүрөтчүлөрү жана жаратуучулары арасында «Saima Comics-2024: уламышты улайлы» аталышындагы сынак башталды.

Уюштуруучулар кабарлагандай, сынак француз альянсы жана Гёте-институту тарабынан Кыргызстандагы француз-немис маданият институтунун долбоорунун алкагында “Тамчы тасма” коомдук фонду менен биргеликте Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулуп жатат.

Долбоордун максаты Кыргызстандын бай маданиятын жана искусствосун комикс аркылуу көрсөтүү, аларды Кыргызстандын тарыхы менен байланыштыруу.

Тандалган элдик жомоктор, мифтер жана уламыштарды комикстерге ыңгайлаштыруу менен бул долбоор Кыргызстандын бардык аймактарынан сүрөтчүлөрү жана комикс жаратуучулары үчүн өздөрүнүн уникалдуу окуяларын билдирүүгө, комикс искусствосу аркылуу маданий иденттүүлүк боюнча суроолорду көтөрүүгө, билимдерин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Конкурстук иштер 19-апрелден 3-майга чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы 18-майда Көркөм өнөр музейинде “Музейлер түнү-2024” иш-чарасынын алкагында чыгарылат.

Конкурска катышуу бул баракча аркылуу жүргүзүлөт:

https://taplink.cc/micson_club

Алдыңкы орундарды алгандар ноябрда өтүүчү Германиянын Bilderbuchfestival комикс фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

3-жана 4-орунга ээ болгондорго профессионалдык чийме үстөл жана Kanzler дүкөнүнө сертификаттар ыйгарылат.

Конкурстун бардык шарттары жана иш-чаранын жаңылыктары @micson.club Instagram баракчасында чагылдырылып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM