Биз менен байланышыңыз

Британия Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо фондун ачат

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 92 | 0

Британия Кыргызстанда уставдык капиталы 19 млн фунтту (23 млн 470 миң доллар) түзгөн фонд ачууга даярдыгын билдирди.

Бул тууралуу 22-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун сүйлөшүүлөрүндө айтылды. Бул фонд чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапары менен келди. Ал сүйлөшүү учурунда британиянын Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кыргызстан менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдарлыгын маалымдады.

Ошондой эле ал экономика чөйрөсүндө кызматташуу, билим берүү программаларын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2024-2026-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюшту.

Ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM