Биз менен байланышыңыз

Британ министри Борбор Азия турнесинин алкагында Бишкекке келди

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 116 | 0

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон 22-апрелде Борбор Азия жана Монголия боюнча аймактык сапарынын алкагында Бишкекке келди.

Аталган өлкөнүн Бишкектеги элчилигинен кабарлашкандай, визиттин максаты эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулоо.

“Борбордук Азия биздин алдыбызда турган эң чоң көйгөйлөрдүн эпицентринде турат жана анын келечектеги, гүлдөп өсүшү Улуу Британия жана регион үчүн өтө маанилүү», — деп белгиледи Кэмерон сапардын алдында.

Сапардын жүрүшүндө Британия министри Кыргызстандын президенти, министрлер кабинетинин төрагасы жана тышкы иштер министри менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди, кызматташтыктын артыкчылыктарын, Улуу Британияга жана соодага болгон сапарларын талкуулайт.

Улуу британия менен Кыргызстан эки тараптуу кызматташуунун жол картасына жана экономикалык өз ара аракеттешүү тууралуу Биргелешкен Билдирүүгө кол коюшат.

Кэмерон Кыргызстандан тышкары Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнө, ошондой эле Монголияга барат. Бул анын 2023-жылдын күзүндө Улуу Британиянын тышкы иштер министри катары аймакка биринчи сапары.

2010-2016-жылдары лорд Кэмерон Улуу Британиянын премьер-министри болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM