Биз менен байланышыңыз

«Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу» китеби англис тилине которулду

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 178 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жана Кыргызстандагы Bugupress басма үйү кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин «Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу» китебинин биринчи жолу англис тилиндеги котормосунун бет ачарын өткөрөт.

Бул тууралуу Bugupress басма үйүнөн кабарлашты.

«Манас» эпосу китебин атайын Бексултан Жакиев атактуу манасчылардын варианттарынын негизинде эпостун кысылган версиясы катары түзүп чыккан. Bugupress басма үйү аны англис тилине которду.

«Бул котормо башка элдин окумуштуу, этнограф, фольклорчу, адабиятчы жана китепкөй окурмандары, дегеле “Манаска” кызыккан жана аны изилдегендер үчүн окуп-таанышууда баштапкы булагы болоруна ишенебиз. Бул китеп буга чейин бир нече тилге которулган» , — деп айтылат маалыматта.

Китептин бет ачары 22-апрелде саат 17:00дө Германиянын Берлин шаарындагы Юнус Эмре институтунда өтөт.

Bugupress 2017-жылдан бери дүйнөлүк мыкты чыгармаларды кыргыз тилине которуп келет. 2024-жылдан баштап кыргыз тилиндеги чыгармаларды башка тилдерге которо баштады.

«Манас» эпосу биринчи жолу 1885-жылы немис тилине академик, түрколог Фридрих Вильгельм Радлофф (В.В.Радлов) тарабынан которулуп, Германиянын Лейпциг шаарында басылып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM