Биз менен байланышыңыз

Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 95 | 0

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министр Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 22-23-апрелде Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанда расмий сапары менен болот.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кыргыз-британия кызматташтыгынын келечегин талкуулашат.

Ошондой эле, Лорд Кэмерон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM