Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы кыргы-өзбек өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жыйыны өттү.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды.
Талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын жылдыруу боюнча тапшырмалар такталды.
Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргызстандын аймагында өтөт.