Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштандыны кайра иштетүү жана экспортко чыгаруу жаатында форум өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 190 | 0

Бишкекте таштанды калдыктарын эффективдүү башкаруу боюнча биринчи форум жана көргөзмөcү болду. Иш-чараны JIA бизнес-ассоциация жана Аксеlerate Prosperity (AP) Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду биргелешип каржылаган AP Asia долбоорунун алкагында уюштурган.

«Негизги максат – климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн шартында Кыргызстандын таштандыларды башкаруу рыногун консолидациялоо, калдыктарды башкаруу секторундагы саясатты жана алдыңкы тажрыйбаларды, келечекти талкуулоо, жаңы өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын ортосунда байланышты түзүү»,- деп белгилейт JIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча менеджери Азамат Дүйшев.

Форумда таштандыларды башкаруу боюнча бизнес-идеялар жана биргелешкен демилгелер каралып, бул тармакты туруктуу өнүктүрүү, ал үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө панелдик талкуулар болду.

Ошондой эле таштандылардан продукта жасаа жана аны экспортко чыгаруу жаатында да панелдик талкуулар уюштулурду. Аны менен катар таштандыдан жасалган буюмдардын көргөзмөсү да уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM