Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Жолдошбаев мамлекетке 150 млн сом төлөдү

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 96 | 0

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 19-апрелде Камчыбек Жолдошбаевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн сом төлөп берди.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Беш-Сары» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев 21-февралда УКМК тарабынан кармалган. Ал салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка айыпталган.

УКМКнын маалыматында «Беш-Сарынын» администрациясынан кош бухгалтердик эсеп жүргүзүү, ижара акыны келишимде көрсөтүлгөн суммадан эки эсе кымбат алуу, ал сумманы салык органдарына эки эсе азайтып көрсөтүү фактылары аныкталганы айтылган.

«Иш жүзүндө ижарачы «Беш Сары» ЖЧКнын администрациясына бир соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчёттук документтерде 4800 сом көрсөтүлгөн, б.а. алынган пайданы төмөндөтүү 280% га жакынды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

«Беш-Сары» ЖЧКсы «Ош» базардын аймагындагы эки соода үйүнө ээлик кылат, ошондой эле көмүр сатуу менен да алектенет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM