Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай туруу сунушталды

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 196 | 0

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу бул өлкөлөргө барбай турууга чакырды.

Атап айтканда, министрлик Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ошол эле учурда жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык мекендештер кырдаал турукташканга чейин коопсуздугуна көңүл бурушу керек.

Элчиликтердин шашылыш телефондору бар, алар аркылуу аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат.

Иран ракеталык чабуул жасалганын четке какты, учкучсуз учактар атып түшүрүлдү

Copyright © 2017 Maral FM