Биз менен байланышыңыз

“Элге багытталган адилеттүүлүк” форумунун экинчи күнү өтүүдө

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 135 | 0

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Адилет үйүндө “Элге багытталган адилеттүүлүк” улуттук форумунун расмий ачылышы өтүп жатат.

Форумда интерактивдүү панелдик талкуулар, мастер-класстар жана Сот адилеттик үйүндө экскурсиялар уюштурулууда.

Ошондой эле калк менен өз ара аракеттенүү, талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын өнүктүрүү, сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу механизмдери талкууланат.

Улуттук форум Кыргызстандын Жогорку соту, Жалал-Абад облустук соту менен биргеликте USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун техникалык жана эксперттик колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ аталган форумдун биринчи күнү өткөн. Анда Жалал-Абад облустук “Барпы” театрында “Кыйылган өмүр” пьесасы коюлду. Спектакль Жалал-облустук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулуп, азыркы коомдогу адилеттүүлүк маселелерин чагылдырган көрүнүш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM