Биз менен байланышыңыз

Ош облустук прокуратуранын иш-аракети менен бир катар жерлер мамлекетке кайтарылган

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 93 | 0

Быйыл 22-ноябрда Кыргызстандын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл толот. Бул тууралуу Ош областтык прокуратурасынан билдирди.

Аталган мекеме, юбилейлик датага байланыштуу кылмыш, жарандык сот өндүрүшү жана соттун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жасалган иштери тууралуу отчет берди.

Облустук прокуратуранын иш-аракетинин натыйжасында 2011-жылы Ноокат районунда соттун чечими менен жеке менчикке берилип кеткен 33 млн 211 миң сомго бааланган бала бакча жана 0,32 га жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган.

Дагы бир мисал, прокуратуранын текшерүүсүнүн натыйжасында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Жер кодексинин 9-бер. талаптарын бузуу менен мыйзамсыз бекитилип берилген 162 га жер тилке мамлекетке кайтарылган.

Мындан сырткары, Ош областтык прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуу фактылар аныкталды.

Андан сырткары Араван райондук сотунун чечимдери мыйзамсыз болгондуктан жогорку инстанцияларында жокко чыгарылып, 1 га айыл жер тилкеси муниципалдык менчике кайтарылган.

Ош областтык прокуратурасы тарабынан социалдык объектилердин жана башка багыттагы жерлерди жеке менчике бекитип берүү жөнүндөгү мыйзамсыз чыгарылган соттук актыларды аныктоо боюнча иш аракеттерин уланууда.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM