Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда «Элге багытталган адилеттүүлүк» форуму өтүп жатат (фото)

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 196 | 0

Бүгүн Жалал-Абад шаарында «Элге багытталган адилеттүүлүк» форумунун биринчи күнү өтүп жатат.

Форумдун биринчи күнүндө катышуучулар үчүн Жалал-Абад облустук «Барпы» театрында «Кыйылган өмүр» пьесасы коюлду. Аталган спектакль Жалал-Абад облустук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулуп, азыркы коомдогу адилеттүүлүк маселелерин чагылдырган көрүнүш.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Венера Салямованын айтымында, балдар арасындагы кылмыштуулукту азайтуу үчүн «Кыйылган өмүр» пьесасы иштелип чыкты.

«Биз балдар менен иштешүүдө дайыма жыйындарды, жолугушууларды өткөрүп келебиз. Бирок бул жолу өзгөчө форматта болсун деп, театр менен иштештик. Бул 15-20 мүнөттүк спектаклде балдар арасындагы наркомания, миграция көйгөйү, рекетчилик ж.б баары камтылган. Облустун мектептерин кыдырып ушул пьесаны коюп чыктык. Балдарга бул формат жакты, алардын көйгөйүн билгенибизди аларга сездире алдык. Ар бир коюлган оюндан кийин балдар менен сүйлөшүүбүз 1-2 саатка созулуп жатат. Алар бизге ишенип, өздөрүнүн көптөгөн көйгөйүн айта баштады. Муну менен биз балдар арасындагы кылмыштуулукту азайта алабыз жана алдын алууга бир топ өбөлгө болот», — деп кошумчалады Жалал-Абад облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Венера Салямова.

Форумдун максаты – Адамдардын кызыкчылыктарына жооп берген адилеттүү жана туруктуу практикалык шарттарды ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба менен бөлүшүү жана маанилүү өзгөрүүлөрдү кабыл алуу.

Ал эми форумдун экинчи күнүндө интерактивдүү панелдик талкуулар, мастер-класстар жана Сот адилеттик үйүнүн экскурсиялары менен коштолору күтүлүүдө.

«Кыйылган өмүр» пьесасынан сүрөттөр:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM