Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 19-апрелде күн ачык болот

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 195 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21… +26,

Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +14…+19,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 14…+19.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM