Биз менен байланышыңыз

БАЭ менен Омандагы бороон-чапкын: Каза болгондор бар

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 482 | 0

Нөшөрлөгөн жаан жана бороон-чапкындуу шамал Перс булуңундагы өлкөлөрдү каптап, суу ташкынына жана транспорттун үзгүлтүккө учурашына себеп болду. Кырсык 20 адамдын өмүрүн алганы жана алардын көбү Оманда экени белгилүү болду.

Бириккен Араб Эмираттарында жүргүнчүлөрдүн саны боюнча дүйнөдө эң чоң Дубай эл аралык аэропортунун иши токтоп калды.

Аэропорттун перрондорун, такси жана учуу тилкелерин суу каптап, жүздөгөн каттам токтотулду.

17-апрель күнү Дубай аэропортуна бара турган жана андан уча турган 270тен ашык каттам токтотулуп, дагы 370 каттам кармалып калганын FlightAware кабарлады.

Ал эми штаб-квартирасы Дубайда жайгашкан Emirates авиакомпаниясы аба каттамдарын 18-апрелге чейин токтоткон.

Бириккен Арап Эмираттарындагы туруксуз аба ырайынан улам Бишкектен Шаржа жана Дубайга учкан каттамдар да токтотулган.

15-апрелден бери БАЭде нөшөрлөгөн жаан жаап жатат. Өлкөнүн Улуттук метеорологиялык борбору акыркы 75 жылдагы эң көп жаан-чачынды катталганын билдирди.

Өлкөнүн бийликтери дагы күн күркүрөшү, нөшөрлөгөн жамгыр жана катуу шамал болорун эскертти.

БАЭнин Улуттук метеорологиялык борбору (NMC) калкынын саны боюнча төртүнчү Аль-Айн шаарына (Абу-Даби) 24 сааттан аз убакытта 254,8 мм жаан жаагандыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM