Бишкектин Свердлов райондук соту зордуктоого айыпталган Чыңгыз Мамаевди актады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Соттун 17-апрелдеги өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн ага коюлган айып боюнча ал күнөөсүз деп табылып, анын иш-аракеттеринде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталды.
2022-жылдын апрелинде белгилүү актер Чыңгыз Мамаевге карата “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык соту 2023-жылдын январь айында анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.