Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Парламентте депутаттарды «тазалоо» жүрүп жатат

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 309 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев учурда Жогорку Кеңеште депутаттар арасында «тазалоо» жүрүп жатканын айтты. Ал коррупцияга барган же мыйзам бузган депутаттарды, туура эмес шайланып келгендер өз ыктыяры менен кетип жатканын кошумчалады.

«Парламентте «тазалоону» көрүп жатасыздар. Жогорку Кеңешке да туура эмес адамдар шайланып келип алган. Мына ошол адамдарды тазалоо жүрүп жатат, мындан ары да жүрөт. Акчасы же мамлекеттик кызматта иштеген таанышы көп болсо эле шайланып келем деген үмүт болбошу керек. Парламентке таза, берилгендик менен кызмат кыла турган, элдин арасынан чыккан мекенчил адам шайланып келиши керек. Жалаң эле коррупционерлер же алардын балдары келбеши керек, келгендерин тазалап жатабыз. Акыркы маалда 5-6 депутат кетти, көпчүлүгү өк ыктыяры менен кетти. Себеби биз аларга көрсөтүп атабыз, өз ыктыяры менен кетүүгө мажбурлап көрсөтүп жатабыз, туура эмес шайланып келгенин. Кетпегенин же мыйзам бузгандарын жоопкерчиликке тартып атабыз. Мунун баары мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат» , — деди Камчыбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин 3-апрелдеги жыйынында мандатынан ажыраган депутаттар боюнча маселе көтөрүп, бир жарым жылда ар кандай себептерге байланыштуу 10 депутаттын мандаты алынганын айткан. Ал кесиптештерин эл шайлагандан кийин коркпой, акырына чейин иштөөгө чакырган.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков парламенттин 13-марттагы жыйынында эл өкүлдөрүнүн мандаттан ажырашы боюнча комиссия түзүүнү сунуштаган.

Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарынан бир катар депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы үчүн кайра шайлоо 28-апрелге дайындалган. БШКнын маалыматына караганда, Баткен округунан 10 талапкер, Ош округунан 14, Кара-Суу шайлоо округунан 11 талапкер бар.

Copyright © 2017 Maral FM