Биз менен байланышыңыз

Грузия парламенти «чет элдик агент» мыйзамын колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 467 | 0

Грузиянын парламенти өлкөдө өтүп жаткан нааразычылыктарга карабай, «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Добуш берүүгө 83 депутат катышып, баары бир добуштан колдоду, каршы добуш бергендер болгон жок.

Бир күн мурун парламент имаратынын алдында аталган мыйзам долбоорго каршы массалык нааразычылыктар болуп өткөн. Анда топтолгон элди полиция күч колдонуп тараткан.

«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорунда каржылоосунун 20%дан ашыгын эл аралык уюмдардан, чет өлкөдөн ала турган бейөкмөт уюмдар, массалык маалымат каражаттары Юстиция министрлигинен «чет элдик агент» катары каттоодон өтүүсү талап кылынган. Ал эми «чет элдик агент» катары каттоодон өтпөгөндөргө ири суммада айыппул салуу каралган.

Грузин өкмөтү бул мыйзамды кабыл алуу менен калк кайсы бейөкмөт уюм жана ММКлар чет элден каржылоо алып жатканын ачык көрүп тура алат деп билдирүүдө. Ал эми мыйзам долбоорго каршы чыккандар бул Орусиядагы «чет элдик агент» мыйзамынын көчүрмөсү экенин, муну менен өлкөдөгү оппозицияны ооздуктоо саясаты жүрүп жатканын айтышууда.

Белгилей кетсек, жакында эле Кыргызстанда да сырттан каржылоо алган ММКлар, бейөкмөт уюмдардын тизмесин тактоо жана ачыктыкты талап кылуу үчүн «чет өлкөлүк агент» мыйзам долбоору кабыл алынды. Ага президент кол койгон. Бул мыйзам долбоорго карата Кыргызстанда да бир топ сындар айтылып, Орусиядагы мыйзамдын көчүрмөсү дегендер бар. Ал эми өлкө президенти Садыр Жапаров бул мыйзам аркылуу эч ким куугунтукка алынбай турганын убадалаган. Мыйзам кабыл алынгандан кийин Кыргызстанда дээрлик 30 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген «Сорос-Кыргызстан» фонду өлкөдөн чыгып кетерин жар салды. Алар жаңы кабыл алынган мыйзамга карата кабатырлануусун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM