Биз менен байланышыңыз

Токаев казак миллиардерлери суу баскан аймактарга жардам бере турганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 498 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак миллиардерлери табият кырсыгынан жабыр тарткан аймактарга жардам бере турганын билдирди.

Токаев суу ташкынынан жабыркаган Костанай облусунун калкы менен жолугушту. Анда ал казак миллиардерлери суу ташкындын кесепеттерин жоюуда чоң көмөкчү болорун айтты. Ар бир аймакка ошол чөлкөмдөн чыккан миллиардерлер көмөк көрсөтөт.

«Бизде Forbes тизмесине кирген бай ишкерлерибиз өтө көп. Биз алар менен сүйлөшүп, ар бир айыл, район жана облуска бирден меценатты дайындайбыз»,  — деп билдирген Токаев.

Токаевдин айтымында, ири ишкер меценаттардын кылган жардамы, аймактарды кайрадан өнүктүрүүгө кошкон салымы өкмөттүн көз жаздымында калбай турганын, алар үчүн да ыңгайлуу болгон шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Казак президенти олигархтардан биринчи ирет жардам сурап жаткан жок. Буга чейин 2022-жылдагы январдагы башаламандыктардан кийин да «Казакстан калкына» аттуу фонд ачып, ага казак миллиардерлерин кайрымдуулук кылууга чакырган. Аталган фондго бир катар ишкерлер, ири ишканалар өз салымдарын кошкон.

Казакстандагы суу ташкындары соңку 80 жыл ичиндеги эң ири табият кырсыгы. Өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Март айынын бери 117 миң адам өз үй-жайынан эвакуацияланган. Бул суу ташкындарынан улам Казакстанда быйыл өтө турган ири саммиттер, чоң мамлекеттик иш-чаралар өткөрүлбөй турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM