Биз менен байланышыңыз

Жакында TikTok Кыргызстанда бөгөттөлүшү мүмкүн

Кыска кабар | 17 Апр 2024 | 113 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына кирүү чектелет деген маалыматты тастыктады. Министрлик бул чаралар УКМКнын катынын негизинде көрүлгөнүн түшүндүрдү.

«Чечимге TikTok тарабынан «Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамды аткарбагандыгы негиз болгон. Мыйзам балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрүн аныктайт», — деп айтылат Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматында.

16-апрелде министрликке караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык тармагына кирүүнү чектөөнү суранган кат жолдогону белгилүү болгон. Интернет провайдерлери 18-апрелге чейин ТикТокту бөгөттөшү керек.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылы августта Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алган. Министрлик бир катар бейөкмөт уюмдар TikTok балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна зыян келтирип жатканы боюнча көптөгөн кайрылуулар түшкөнүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM