Биз менен байланышыңыз

Зулушев былтыр кайсы сотторго кылмыш иши козголгонун айтты

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 127 | 0

2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына карата төрт кылмыш иши козголгон. Анын үчөө соттун кароосуна жиберилип, бири кыскартылган.

Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 16-апрелде Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинин биргелешкен жыйынында прокуратуранын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып айтты.

Мурдагы депутат Жаныбек Абировдун иши тараптардын жарашканына байланыштуу кыскартылган, экс-депутаттар Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Адахан Мадумаровго козголгон иштердин материалдары сотко жиберилген.

Мындан тышкары былтыр сотторго карата 11 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен тергөөнүн жыйынтыгы менен төрт иш соттун кароосуна жиберилген, үч иш өндүрүштө токтотулган, эки иш бириктирилген, бир иш тергелип жатат.

«Лейлек райондук сотунун судьясы Жапаровго карата эки кылмыш иши ачылган. Ош шаардык сотунун судьясы Малдыбаевге карата да кол тийбестиктен ажыратуу боюнча өтүнүч Соттор кеңешине жиберилген, иши тергелип жатат. Тоң районунун эки судьясына кылмыш иши ачылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Кенжебаевге козголгон иши каралып жатат, Бишкек шаардык сотунун судьясы Илязовага иш ачлыган, Свердлов райондук сотунун судьясы Адимовго эки млн сомдук айып салынган. Бишкектин Октябрь райондук сотунун мурдагы соту Абдыкалыковго кылмыш иши козголгон, Жогорку Соттун мурлагы төрайымынын иши ооруп жаткандыгына байланыштуу токтотулган» , — деп айтылат Башкы прокурордун маалыматында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM