Биз менен байланышыңыз

Май айындагы дем алыш күндөрү белгиленди

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 393 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айындагы дем алыш күндөрүн белгиледи.

Бул айда үч майрам бар, 1-май Эмгек майрамы, 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү, 9-май Жеңиш күнү.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюм, мекеме, ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин чейин дем алыш болот.

2-май, бейшемби күнүнүн ордуна 6-майда иш күнү болот. 3-майдын ордуна (жума) 11-майда иштейбиз (ишемби).

Ошондой эле, 9-май расмий жумуш эмес, майрам күн деп белгиленген.

Алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM