Биз менен байланышыңыз

«Сорос-Кыргызстан» фонду өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотот

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 154 | 0

«Ачык коом» фонддору коомчулукта талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотот. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтына 15-апрелде жарыяланды. 

Анда чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгүнө чаржайыт жана так аныкталбаган чектөөлөр киргизилип жатканы белгиленген.

«Ачык коом» фонддорунун президенти Бинайфер Новрожи «Сорос-Кыргызстан» фондунун 30 жылдан бери жасаган эмгектерин айтып, мындан ары өлкөдө өз ишмердүүлүгүн уланта албай турганына өкүнүнчүн айткан.

«Сорос-Кыргызстан» фонду 1993-жылы ачылган. Фонд Кыргызстандын билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоо жана башка бир канча багыттарда долбоорлорду ишке ашырып келген.

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM