Биз менен байланышыңыз

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды

Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 120 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 13-апрелдеги чечими менен Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды.

Ага 11-майга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалганын УКМК 15-апрелде маалымдады.

Ал ишкердик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурууга айыпталууда.

Тактап айтканда, шаардын ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ишкерге бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт.

Кылмыш ишинин алкагында вице-мэр жана ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM