Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 92 | 0

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-16-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Ылдый жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM