Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Иран менен Израилди аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды

Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 105 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Кыргызстандын ТИМи Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалган абал боюнча кооптонуусун билдирип, тараптарды Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.

«Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-апрелге караган түнү Иран Израилге жүздөгөн ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасаган. Израилдин коргоо министрлиги алардын дээрлик 99%ы атып түшүрүлгөнүн, калганы да калк жашабаган аймактарга түшкөнүн билдирди. Мындан улам Израил учурда өзүнүн аба мейкиндигин толук жапкан. Ошондой эле Иран жана Ирактын аба мейкиндиги аркылуу учкан каттамдар да дээрлик баары багытын өзгөртүүгө туура келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM