Биз менен байланышыңыз

16-апрелде Бишкектин батыш тарабында суу өчөт

Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 112 | 0

Эртең, 16-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Суу берүү убактылуу токтотулган аймактарга төмөнкүлөр кирет:

— Алыкулов көчөсү — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча дарыясынын жээги жана Лев Толстой көчөлөрү.

— Юбилейный көч – Горький көч (Пригородный айылы) – Садовой көч. (Пригородный айылы) – Чоң Чүй каналынын жээги;

— “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110 кичирайон, Достук.

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Белгилей кетсек, “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM