Биз менен байланышыңыз

Ташкентте «Борбор Азия+Перс булуңундагы араб өлкөлөрү» форматында жыйын өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 494 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Ташкент шаарында «Борбор Азия — Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши» аттуу жыйын өтөт.

Жыйынга Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлери катышат.

Ушундай эле форматтагы алгачкы жыйын 2022-жылы, 7-сентябрда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында болуп өткөн. Анда Перс булуңундагы араб өлкөлөрү менен Борбор Азиянын кызматташтыгы талкууланган.

Ташкенттеги жыйында өткөн жылдын 19-июлунда Сауд Аравиянын Жидда шаарында аталган мамлекеттердин президенттери катышкан саммитте кабыл алынган чечимдердин жыйынтыктары талкууланат. Анда 2023-2027-жылдарга карата биргелешкен аракеттердин жол картасы иштелип чыккан.

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши 1981-жылы, 25-майда түзүлгөн. Ага Сауд Арабия, БАЭ, Кувейт, Катар, Оман, Бахрейн өлкөлөрү мүчө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM