Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан авиакомпаниясы Ташкент-Тель-Авив каттамын убактылуу токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 523 | 0

Uzbekistan Airways авикомпаниясы Ортоңку Чыгыштагы кырдаалдан улам бүгүн, 15-апрелге белгиленген каттамын жокко чыгарды.

Компаниянын маалыматына ылайык, Ташкент — Тел-Авив — Ташкент багыты боюнча учкан каттам Ортоңку Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аба мейкиндиктери жабылганынан улам токтотулду. Ошондой эле учуу коопсуздугун камсыздоо да башкы максат экени айтылды. Авиакомпания кардарларыдан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, билеттин датасын жылдыруу же акчасын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн эске салды.

Белгилей кетсек, 14-апрелге караган түнү Иран Израилге жүздөгөн ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасаган. Израилдин коргоо министрлиги алардын дээрлик 99%ы атып түшүрүлгөнүн, калганы да калк жашабаган аймактарга түшкөнүн билдирди. Мындан улам Израил учурда өзүнүн аба мейкиндигин толук жапкан. Ошондой эле Иран жана Ирактын аба мейкиндиги аркылуу учкан каттамдар да дээрлик баары багытын өзгөртүүгө туура келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM