14-апрелге караган түнү, Иран Израилге учкучсуз учуучу жүздөгөн аппараттар, ракетталар менен чабуул жасады.
Чет элдик басылмалар жазгандай, Иран Израилди көздөй, 400дөн ашык учкучсуз учуучу аппарат, 185 дрон, 150 ракета учурган. Азырынча кол салуунун жабыркандар тууралуу маалымат жок.
Ирандын бул чабуулу, БУУдагы миссиясы кол салуу уюмдун уставынын 51-беренесине («Өзүн-өзү коргоо укугу») таянып жасалганын айтып, буга чейин Израилдин дипломатиялык объектилерге жасаган агрессиясына жооп болгону маалымдалды.
Белгилей кетсек, Сириядагы Ирандын консулдугуна Израиль ракеталык чабуул жасаган. Натыйжада ирандык генералдар, офицерлер жана сириялык, ливандык жарандар каза болгон.