Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: кыргызстандык үч балбан коло үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 11 Апр 2024 | 364 | 0

Бүгүн, 11-апрель күнү Бишкекте спорттук күрөш боюнча “Азия чемпионаты-2024” старт алды. Биринчи күнү эркин күрөш боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 5 балбан күч сынашты. Тилекке каршы, эч бири жарым финалга чыга алган жок.

65 кг чейинки салмакта Улукбек Жолдошбеков чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып, бирок 3-орунга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эми көңүл жубатуучу беттеште Аббос Рахмонов аттуу өзбек балбаны менен күч сынашат.

Ал эми, 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов биринчи беттешинде кытайлык балбанды жеңип, чейрек финалда ирандык спортчуга жеңилип калды. Ошону менен ирандык балбан финалга чыгып, Осмонов болсо коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анын атаандашы тажикстандык Мустафо Ахмедов болот.

Ошондой эле, 97 кг чейинки салмакта Андрей Аронов биринчи беттешин казакстандык Ризабек Айтмуханга жеңилип, бирок коло үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды. Коло үчүн беттеште индиялык Вики Вики аттуу спортчу менен беттешет.

Биринчи күндүн финалдык беттештери саат 18:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM