Кыргызгидромет билдиргендей, 12-апрелге караган түнү Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, облустарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16… +21,
Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Баткен облусунда түнкүсүн +6… +11, күндүз +20…+25,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +11…+16,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 15…+20.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн биринчи жарымында жаан жаашы мүмкүн, түштөн кийин жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз, +17…+19 градус болот.