Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ысык суу 22-апрелден июнга чейин өчүрүлөт

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 577 | 0

Бишкекте ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Алпбек Садыров брифингде айтты.

Анын маалыматына таянсак, быйыл жылуулук электр борбрунда жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери жүрөт.  Ысык сууну кайра 1-июнда берүү пландалууда.

Буга чейин профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн ысык суу бир айга өчүрүлүп келген.

2023-жылы ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM