Биз менен байланышыңыз

Парламент күрөөканалардын ишин жөнгө салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 98 | 0

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Ломбард иши чөйрөсүндөгү» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.

Мыйзам долбоору күрөөканалардын ишин жөнгө салуу, пайыздык коюмдарын азайтуу, кардарларга карыздын шарттары жөнүндө толук маалымат берүүгө багытталган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети былтыр жыл аягында Бишкектеги жүздөн ашык күрөөкананы текшерип, лицензиясы жок иштеген, салык мыйзамдарын одоно бузган,  200%дан ашкан үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү фактыларын аныктаган.

Атайын кызмат 120 ломбарддын жетекчиси жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүүгө милдеттендирилгенин маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM