Биз менен байланышыңыз

Муфтий: кыргыз эли басса-турса Жараткандан тиленип, бата кылган эл

Кыска кабар | 10 Апр 2024 | 120 | 0

Кыргызстандын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды Орозо Айт майрамы менен куттуктады.

Азирети Муфтий бүгүн, 10-апрелде айт намазга Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте катышып, анда өлкөнүн өнүгүүсү, бакубатчылыгы үчүн дуба кылды.

Ал куттуктоосунда мусулман кыргыз эли басса-турса Жараткандан тиленип, бата кылган эл болгонун эске салды. Ошондой эле, ата салтын, баба наркын сактаган эл бололу деген тилегин билдирген.

Азирети муфтийдин кыргыз элине орозо айттык куттуктоосу толук тексти менен:

«Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен.

Бүгүнкү куттуу орозо айт майрамына жеткиргени үчүн Жараткан Алла Таалага миң мертебе шүгүрлөр болсун.

Айт майрамы мүлдө кыргыз элине маарек болсун!

Отуз күндүк орозонун, ооматтуу айт майрамдын урматына Ала-Тообузда тынчтык, амандык орноп, кут-береке, ырыс ыроолонсун.

Кадырлуу мусулман бир туугандар! Ардактуу мекендештер!

Алла Тааланын нээмат-дөөлөтүн жон тери менен сездирген, шаң-шарапаты менен ай-ааламды кездирген улуу айда Жараткан ыраазы болор жолго жалгашып, Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) сүннөтүнө эргешип, бир жылдык, балким бир өмүрлүк тарбия алганды насип кылган болсун.

Бир ууртам суу, бир тиштем нандын баркын билдирген, муктажтардын абалын туйдурган улуу орозону узатып жатып, кадимкидей ичибиз ачышып турат. Орозонун узап баратканына кайгырып, «аль-вадааъ, йаа шахро рамадон!» деп көзгө жаш кылгыруу улуулардан калган сезим экен. Андыктан орозонун сапары карыганына чын жүрөктөн муңаю да ыймандан чыгар. Алла ыраазы болгон нерселерден ыраазы болуу, Алла нааразы болгон нерселерден нааразы болуу сапатыбыз артсын, асти кемибесин.

Мусулман кыргыз элибиз басса-турса Жараткандан тиленип, бата кылган эл. Кыргыз баласынын төрөлгөндөн акка мою сунганга чейинки өмүрүн дуба коштойт. Эрте менен тургандан кеч жатканга чейинки бүткүл күнүн бата кооздойт.

Кадырлуу мусулман бир туугандар! Ардактуу мекендештер!

Биз да ата-салтын унутпай, дайыма дуба кылганды көз жаздымда калтырбайлы. Пайгамбар дубаларын, сахаба баталарын, аалымдар тилектерин жаттап, өмүрүбүздө колдонолу. Негизи эле ата-салтын сактайлы, баба наркын барктайлы. Алла Тааладан айттык ак бата тилейли.

Айлардын султаны болгон Рамазан, түндөрдүн султаны Кадыр түн катылган эң керемет мезгилдин сапары карып отурат. Кийинки орозого чейин эл-журтка амандык, өлкөбүзгө тынчтык берсин. Айттын шарапаты менен урушкандар жарашсын. Оорулуулар шыпаа тапсын. Перзент күткөн замандаштарыбыз бала жытын искесин. Муктаждар муратына жетсин. Жолоочулар барар жерине сак-саламат жетип алсын.

Орозоңуздар кабыл, Рамазан айтыңыздар маарек болсун!

Алла Тааладан суранарым, элибизге тынчтык, биримдик, жергебизге бүтүндүк, Мекенибизге кут-береке, мамлекетибизге өнүгүү, динибизге риваж берсин. Оомийн».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM