Биз менен байланышыңыз

«Элим, барсыңбы?!» фонду Орозодогу кайрымдуулук иштери боюнча отчет берди

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 369 | 0

«Элим,барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду Рамазан айындагы иш-чараларын, тагыраагы, муктаж үй-бүлөлөргө берилген жардамдардын жыйынтыгын жарыялады.

Фонд аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4047 баштык азык-түлүк тараткан, 8208 кишиге демөөрчүлөр тарабынан ооз ачыруулар уюштурулган. Ошондой эле Орозо айт майрамына карата 819 кишиге майрамдык белек берилди.

«Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду жыл сайын Рамазан айында жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.

Ошондой эле жалгыз бой энелерди жана көп балалуу аялдарды окутуп, жумуш менен камсыз кылат. 

Фонд Орозо айындагы кайрымдуулук иш-чараларынан тышкары, 20дан ашуун долбоор менен иштейт. 

Copyright © 2017 Maral FM